ИИМде коррупцияга малынган кызматкерлерден ички тазалоо иштери жүрүп жатат — эксперт

ИИМде коррупцияга малынган кызматкерлерден ички тазалоо иштери жүрүп жатат — эксперт

Экономика илимдеринин доктору, профессор, КР Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов «Репортер KG» маалымат булагы менен болгон маегинде КР Ички иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн кадрдык өзгөрүүлөр боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында коррупциялык иштерге аралашкан кызматкерлерден ички тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Ушуга байланыштуу, менимче, кечээ кичи коллегиянын жыйынтыгы боюнча кадрдык езгертүүлөр жүргүзүлдү. Бул биринчи кезекте одоно ката кетирген кызматкерлердин ишинен көрүнүп турат», — деп белгиледи Даутов.

Маалым болгондой, соңку убакта өлкөдө тергөөчүлөрдү жана ички иштер органдарынын башка кызматкерлерин кармоо көп катталууда. Эксперттин айтымында, бул бөлүмдүн имиджине терс таасирин тийгизүүдө.

«Бул тергөө кызматына тиешелүү. Ал жерде ротация болгон, мен бул туура кадам деп эсептейм. Тергөө кызматы дайыма Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүндө болушу керек болгон орган, анткени карапайым калк өз кызматкерлери менен түздөн-түз иштешет. Милицияга болгон ишенимдин деңгээли тергөөчүнүн ишинен көз каранды», — деп баса белгиледи ал.

Эксперт кадрдык өзгөрүүлөрдү, атап айтканда, Тергөө кызматынын жетекчилигин ротациялоону өз убагында жасалды деп эсептейт. Ал ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында (ЖКККББ) көйгөйлөр бар экенин белгиледи:

«ЖКККББ да көп көйгөйлөр бар. Ички иштер министрлигинин системасында жүргүзүлүп жаткан ротация — бул абдан туура кадам. Бул бизге жол коопсуздугун башкаруу деңгээлинде пайда болгон маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет», — деди Я. Даутов.

Анын айтымында, буга чейин ЖКККББ бөлүмдөрүнө байланыштуу көптөгөн суроолор пайда болгон:

«Учурда болуп жаткан өзгөртүүлөр белгилүү жыйынтыктарды бериши керек деп ойлойм. Жоопкерчилик жетекчилердин мойнунда, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын тутумунда дагы бир катар башкаруу чечимдери кабыл алынаарына күбө болобуз. Алдыга коюлган милдеттерди аткара албаган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулат.Бул туура – ​​өлкө башчынын тапшырмасы. Келечекте алдыга коюлган бардык милдеттер Президенттин жарлыктарынын алкагында да, бүгүнкү күндө биздин өлкөдө активдүү жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы аёосуз күрөштүн алкагында да чечилээрине ишенем», — деп жыйынтыктады эксперт.

Эске салсак, кечээ, 19-майда КР ИИМде тергөө бөлүмдөрүнүн коллегиясы болуп, анын жыйынтыгында кадрдык өзгөрүүлөр болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>