Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды
ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын жоокери асынып алды
31.01.2020 | 11:09
Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын жоокери асынып алды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова тастыктады.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 30-январь күнү саат 15:45 чамасында болгон.
“2000-жылы туулган К.Д. атуу катардагы жоокердин асынган абалдагы сөөгү спорттук шаарчадагы окуу жана машыгуу борборунун экинчи кабатынан табылды. Учурда бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Министрлик тарабынан дагы ички териштирүү иштери жүрүп жатат”, – деди Жапаркулова.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар