Быйылкы ажылык сапарга бара турчу кыргызстандыктардын кийими аныкталды

Быйылкы ажылык сапарга бара турчу кыргызстандыктардын кийими аныкталды

Быйылкы ажылык сапарга бара турчу кыргызстандыктардын кийими аныкталды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришити.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылга карата ажылык сапарына кийип жүрүүчү кийимдерди (жилет) даярдоо боюнча ишкерлердин арасында сынак өттү.

Сынакка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары жана Убактылуу республикалык штабдын төрагасы Жоробай ажы Шергазиев, УРШнын мүчөлөрү жана ишкерлер катышты.

Сынакка катышуу үчүн 7 талапкер арызын берип, анын ичинен бирөөсү сынакка катышкан жок. УРШнын мүчөлөрү сынактын талабына ылайык, кездеменин курамына, кийимдин тигилишине, дизайнына, кийимге коюлган наркына, өңү-түсүнө жана сапатына баа беришти.

Мындан тышкары тийишттүү документтерин, ажылыкка кийүүчү эркектер жана аялдар үчүн кийимдердин үлгүсүн, ылайыктуулугун карап чыгышып, жыйынтыгында жеке ишкер Динара Акматбекова эң көп балл топтоп, сынактан жеңип чыкты.

Эскерте кетсек, Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга быйыл 6110 квота бөлүп берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>