ИИМге 19 жаңы кызматтык унаа тапшырылды — сүрөт

ИИМге 19 жаңы кызматтык унаа тапшырылды — сүрөт

Ички иштер министрлигине “Альянс Алтын” ААК компаниясы тарабынан Chevrolet Nexia үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды.

ИИМдин маалыматына караганда, тапшыруу аземине “Альянс Алтын” ААК компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Ахмед Бажаевдин айтуусунда, компаниянын башкы максаттарынын бири — өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекеттик органдарга жардам берүү. Бул билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тутумун, андан сырткары укук коргоо органдарын колдоо.

“Бардыгыбыз — мамлекет дагы, калк дагы жана бизнес тармагы дагы Кыргызстанда ар дайым тынчтык жана тартип болуусуна кызыктар. Бул укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык камсыздалуусунан дагы көз каранды”, — деди Ахмед Бажаев.

Улан Ниязбеков жыл башынан бери 90дон ашык унаалар алынып, жер-жердеги ички иштер органдарына берилгенин билдирди.

“Бул унааларды Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын ички иштер бөлүмдөрүнүн ишмердиктерин жакшыртууга, элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүүгө карата тапшырып жатабыз. Элдин коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга салым кошуп келе жаткан “Альянс Алтын” ААК компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаевге ыраазычылык билдирем”, — деди министр Улан Ниязбеков.

Жаңы унаалардын көбү аймактардагы ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө бөлүндү. Алсак, Жалал-Абад ОИИБге — 4, Чүй ОИИББге — 4, Ысык-Көл ОИИБге — 9, ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө – 1 унаа берилди.

Андан сырткары, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси рейондун аймагындагы калкты тейлөө үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына милициянын көчмө кабылдамасы катары иштей турган “Газель” үлгүсүндөгү унааны тапшырды.

“Альянс Алтын” ААК компаниясы Талас облусундагы Жерүй кенинде алтын өндүрүп иштетет. 2016-жылдан бери бул аймакты өнүктүрүү үчүн 900 миллион сом бөлүп берген. Долбоорлордун көбү “Альянс Алтын” ААК компаниясынын өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>