Элдешүү үчүн чакырган: 24 жаштагы келиндин өлүмүнүн чоо-жайы

Элдешүү үчүн чакырган: 24 жаштагы келиндин өлүмүнүн чоо-жайы

Кочкор-Ата шаарында киши колдуу болгон 24 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү кызганычтан улам өлтүргөн. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя болгон күнү шектүү мурдагы аялын кафеге чакырып, кайра жарашууну көздөгөн.

«Алар мурда чогуу жашап, кийин ажырашып кетишкен. Ортодо бир баласы бар. Кайра жарашуу максатында мурдагы күйөөсү келинди кафеге чакырган. Бирок аялы жарашууга көнбөй, экөө келише алган эмес.  Мурдагы күйөөсү кызганычтан улам ошол кафенин жанынан бычактап өлтүргөн. Ошол учурда шектүү кызуу абалда болгон. Келиндин өлүмүнө шектүү делип анын 33 жаштагы мурунку күйөөсү кармалган. Ал учурда камакта», — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында Кочкор-Атадагы кафелердин биринин короосунда киши колдуу болгон жаш аялдын сөөгү табылган. Бул кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү кармалып, 2 айга тергөө абагына камакка алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>