Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Илим Карыпбековдун тай энеси каза болду
01.10.2019 | 21:59
Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбековдун тай энеси каза болду. Бул тууралуу Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Бүгүн тайенем биз менен 88 жашында коштошту. “Мен каза болгондо ыйлабагыла” – деп баарыбызга ыраазы болуп, коштошуп кетти. Сөөгү 3 октябрда Талас облусундагы Талас районунун Балбал айылында жерге берилет”, – деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Илим Карыпбеков Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына тай энеси менен болгон ар кандай темадагы сүйлөшүүлөрдүн видеосун жарыялап келчүү. Жашы улгайып калганына карабай коомдук жана саясий көрүнүштөргө карата айткан өзгөчө пикирлери менен тай эне социалдык тармактын колдонуучуларына тегиз таанылган эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом