Малахов Кыргызстандыктардан кыргызча кечирим сурады (видео)

Малахов Кыргызстандыктардан кыргызча кечирим сурады (видео)

Орусиялык теле алып баруучу Андрей Малахов түз эфир учурунда кыргызстандык таксистти кылмышка күнөөлөп,  кыргыз элине акаарат келтиргени үчүн кыргыз тилинде кечирим суарды.

Ал 1-октябрда “Россия -1” телеканалында болгон көрсөтүүсүнүн аягында кыргыз элине кайрылып, жалпы редакциянын жана өзүнүн атынан кечирим сурап,  “кечирип коюңуздар”, — деди.

Эске салсак,  теле алып баруучу 24-сентябрда орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүдө Исламбек Акбаровду  адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинткен. 

Көп өтпөй социалдык тармактын колдонуучулары “Россия 1” телеканалынан жана Малаховдон кыргыздарды мазактаганы үчүн кечирим суроону талап кылып, #maLOHov деген хештег менен флешмоб башташкан.

Андан соң Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жана шоу-бизнес өкүлдөрү Малаховдун айткандарына үн катышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>