Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Индияда суу ташкынынан кеминде 100 адам каза болду
20.07.2020 | 13:07
Индияда тынымсыз жааган жамгырдан улам суу ташкындап, анын кесепетинен кеминде 100 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ассам штатындагы дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 25 райондогу 3 миң айылды кыйраткан. Анын натыйжасында кеминде жүз адам каза болуп, миңдеген адамдар жабыркаган.
Жабыр тарткандар үчүн 50 миңден ашык убактылуу турак жайлар даярдалган жана ал жакка жүз миңдей адам эвакуацияланган. Бийлик органдары дагы да суу ташкыны коркунучу бар экенин, абал курч болуп жатканын билдирген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар