Көчмөндөр оюндарында салбуурун боюнча жеңүүчүлөр аныкталдыШакира «Бишкек Аренада» концерт берет — Президенттин иш башкаруучусуКыргызстандын курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалда 7:2 эсебинде жеңишке жеттиКыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча финалда 12:0 эсебинде жеңүүчү болдуУлуттук банктын башчысы Кыргызстанда санарип сом кантип киргизилип жатканын айтып бердиЫңгайлуу жылуу аба ырайы жана жаан-чачынсыз: 6-сентябрга карата аба ырайы
Индияда суу ташкынынан кеминде 100 адам каза болду
20.07.2020 | 13:07
Индияда тынымсыз жааган жамгырдан улам суу ташкындап, анын кесепетинен кеминде 100 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ассам штатындагы дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 25 райондогу 3 миң айылды кыйраткан. Анын натыйжасында кеминде жүз адам каза болуп, миңдеген адамдар жабыркаган.
Жабыр тарткандар үчүн 50 миңден ашык убактылуу турак жайлар даярдалган жана ал жакка жүз миңдей адам эвакуацияланган. Бийлик органдары дагы да суу ташкыны коркунучу бар экенин, абал курч болуп жатканын билдирген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар