Индиянын аскер-деңиз флотунун учагы кулап, бир учкуч дайынсыз болууда

Индиянын аскер-деңиз флотунун учагы кулап, бир учкуч дайынсыз болууда

Индиянын аскер-деңиз флотунун МиГ-29К машыктыруучусу шаршемби күнү Араб деңизинин үстүнөн кулап, бир учкуч дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу  Times of India басылмасы Аскер-Деңиз Флотунун өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирген.

«26-ноябрда саат 17.00 чамасында деңизде иштеп жаткан МиГ-29К машыгуучу учагы кулап түшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Анын белгилешинче, учак «Викрамадитя» кемесинен учуп чыккан. Бир учкуч табылды, экинчисин издөө иштери жүрүп жатат.

Индия деңиз флоту бул окуя боюнча териштирүү баштады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>