Instagram’да кооптуу жабдууларды жарнама кылгандар жоопко тартылды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Instagram соцтармагында колдонулган автоунаа майы менен иштеген күйгүзүүчү шайман сатылары тууралуу жарнамалар пайда болгонун билдирди. Мындай жарнамаларды жайгаштырган адамдардын өздүгүн тактоо үчүн Бишкек жана Аламүдүн райондорунун башкармалыктары ИИМдин Криминалдык милициясынын башкы башкармалыгына кайрылышкан.
Укук коргоо органдары жарнаманы жайгаштыргандарды аныкташкан. Аларга тиешелүү беренелер боюнча протокол түзүлүп, ар бирине 7 500 сомдон айып салынган. Ошондой эле мындай мыйзам бузуу кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мекеме белгилегендей, колдонулган май менен иштеген күйгүзүүчү шаймандар өтө кооптуу жабдуулар болуп эсептелет. Колдонулган мотор майы – коркунучтуу калдыктардын түрүнө кирет жана атайын утилизациядан же кайра иштетүүдөн өтүшү керек. Аны өрттөө айлана-чөйрөгө да, адамдардын ден соолугуна да олуттуу зыян алып келет.
Көзөмөл кызматы эскертет: колдонулган майды мыйзамсыз жагууга аракет кылгандар мыйзамда каралган тартипте жоопко тартылат.