Интернетте сөгүнгөнү үчүн кармалган Даниел Ажиев эки айга камалды

Интернетте сөгүнгөнү үчүн кармалган Даниел Ажиев эки айга камалды

Интернетте сөгүнгөнү үчүн кармалган Даниел Ажиев 26-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарганын райондук соттон кабарлашты.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып тагылган.

Даниел Ажиев буга чейин интернетке колунда жокторго азык-түлүк таратканы тууралуу видео жарыялаган. Мындан сырткары өлкөнүн 7 облусуна 7 миллион сомдук азык түлүк таратарын айткан. Бирок аны көптөр порно ишкер катары сындаганы үчүн аларга нааразы болуп сөгүнгөн.

Мындан сырткары ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековду дагы сөккөн бир нече видеосун жарыялаган. Абжалиев болсо президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>