Интернетти көзөмөлдөөгө каршы болгондор Жогорку Кеңештин алдына келди

Интернетти көзөмөлдөөгө каршы болгондор Жогорку Кеңештин алдына келди

 “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип митингге чыккандар Эркиндик гүлбагы менен жүрүш жасап Жогорку Кеңештин алдына келишти.

Алар  бул мыйзам долбоору сөз эркиндигине сокку ура турганын айтышып, президентти мыйзамга кол койбоого чакырышууда.

Чогулгандар “Биз фейк эмеспиз!”, “Биз эркин элбиз”, Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз” деп кыйкырып жатышат. Митингдин катышуучулары ошондой эле «Гүлшат, мандатты тапшыр!»,  «Фейк депутат» деп жазылган баракчаларды колдоруна кармап алышкан.

Митинг башталып жатканда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев келип бул мыйзамга каршылыгын билдирген.

25-июнь күнү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып, 79 добуш менен колдоо тапкан. Дал ошол күнү активисттер парламент имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>