Ири логистикалык компания ЕАЭБ жана Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Ири логистикалык компания ЕАЭБ жана Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

29-30-апрелде Дубайда (БАЭ) өткөн 10-Глобалдык логистикалык конференцияда ЕЭК Транспорт жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Евразиялык транспорттук коридорлорду түзүү жана аларды өнүктүрүүнүн жаңы перспективалары тууралуу айтып берди.

ЕЭК Министри Евразия экономикалык комиссиясынын транспорт жана инфраструктура жаатындагы иши жөнүндө, ошондой эле транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун, бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүү, анын ичинде жаңы сатуу рынокторун жана жеткирүү чынжырларын түзүү жөнүндө маалымат берди.

«Геосаясий окуялардын фонунда жеткирүү түйүндөрүнүн глобалдык өзгөрүшү ЕАЭБ өлкөлөрү катышуучу салттуу эл аралык транспорт коридорлорунун көрүнүшүн өзгөрттү жана жаңы транспорттук каттамдарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн катализатор болуп калды», — деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Министр өз баяндамасында катышуучуларды Биримдиктин транспорт тармагынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана ЕАЭБ аймагы аркылуу жүк ташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү негизги долбоорлор менен тааныштырды.

Арзыбек Кожошев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоордун ишке ашырылышын буга мисал катары келтирди. Ал Кытай менен Өзбекстандын темир жолдорун Кыргызстандын аймагы аркылуу бириктирип, учурдагы Чыгыш-Батыш коридорун 900 чакырымга кыскартат жана андан кийин Түркмөнстан, Иран жана Түркия аркылуу Жаңы Жибек Жолунун транспорт системасынын бөлүгү катары европалык темир жол тармагына кошуларын белгиледи.

Конференциянын алкагында ЕЭК министри башкы кеңсеси Кытайдын Шэньчжэнь шаарында жайгашкан ири логистикалык Global Logistics Alliance GLA (Global Logistics Alliance) компаниясынын президенти Грейс Сан менен жолугушуу өткөрдү.

«Иш-чара транспорттук жана логистиканын эң маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн жакшы эл аралык аянтча болуп саналат. Өзгөчө заманбап шарттарда, жаңы каттамдарды издөө дээрлик дүйнөлүк трендге жана бул чөйрөдөгү эң актуалдуу күн тартибине айланууда», — деп белгилеп, конференциянын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди министр.

Грейс Сун Глобалдык логистикалык альянстын ЕЭК жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен евразиялык мейкиндиктеги транспорт тармагынын негизги оюнчулары катары кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынын ортосундагы байланыштарды түзүү максатында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн аянтча уюштурулган. Иш-чаранын алкагында Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары Хайк Тутунжян Абу-Даби Экономикалык өнүгүү департаментинин логистиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жон-Пол Симпсон менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Түндүк-Түштүк» эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү, деңиз портторун санариптештирүү жана Абу-Даби портторуна жана кайра артка ташуулар боюнча диалог түзүү жана өз ара аракеттенүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>