Маркум хирург Иса Ахунбаев менен мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президенттин маалыматы кызматы белгилегендей, академик, хирург Иса Ахунбаевге Кыргызстандын медицинасынын жана илиминин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды (каза болгондон кийин).
Ошондой эле, Абды Сүйөркуловго мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы берилген (каза болгондон кийин).
Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз