УКМК: Бишкекте мектеп директору пара менен кармалды (видео)

УКМК: Бишкекте мектеп директору пара менен кармалды (видео)

Бишкектеги мектептердин биринин директору (К.А.Т.)  пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мектеп директору (К.А.Т.)  башка кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схема уюштурган. Ал баласын 1-класска берип жаткан ата-энелерден пара опузалап, акча берүүдөн баш тарткандардын баласын мектепке албайм деп коркуткан.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары кармалган мектеп директору УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

УКМК билим берүү тармагында ушул сыяктуу фактылар көп экенин белгилеп, коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>