Исаев: Кыргызстан ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатат

Исаев: Кыргызстан ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатат

2020-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгонуна 5 жыл болот. ЕАЭБге кошулуу менен өлкө экономикасы кандай пайда көрдү?

Ушул жана башка суроолорго саясий ишмер, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев “Российская газета” басылмасына берген маегинде жооп берген.

Канатбек Исаев ЕАЭБге мүчө болуу тарыхый чечим болгону менен, Кыргызстан мүмкүнчүлүктөрдү толук колдоно албай жатканын айткан.

“Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуу менен стратегиялык шериктештерибиз, эң оболу  Орусия жана Казакстан менен экономикалык интеграциялык жактан тарыхый туура чечим болду. ЕАЭБ Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берди. Дагы бир маселе биз бул мүмкүнчүлүктөрдү толук колдоно албай келебиз”, — деген ал.

Канатбек Исаев калкы жана аянты Кыргызстандан эки эсе кичинекей болгон Арменияны мисалга тартып, алардын  интеграциялык бирликтеги мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонгонун айткан. 

Ал эми Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрдү туура колдоно албай жатышын ЕАЭБдин бакшаруу түзүмүндөгү көптөгөн чиновниктердин пикирине таянып, биздин өлкө каржылык колдоого алына турган сапаттуу инвестициялык долбоорлорду сунуш кылбай жатканын белгилеп өткөн.

Маек учурунда Канатбек Исаев ЕАЭБдин аймагында эмгектенген мигранттардын  маселесине да токтолгон.

“Кыргызстандагы экономикалык абалга байланыштуу Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө барып эмгектенүүгө аргасыз болууда. Муну тез арада жөнгө салуу кыйын. Бирок кол кушууруп отура берүү да туура эмес. Жок дегенде эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү керек. Анткени алар жыл сайын өлкөгө эки миллирдан ашык доллар которууда. Бул Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 30 пайызына барабар экенин билдирет. Бирок биздин мекендештер эмгектенип жүргөн өлкөлөрдүн жарандары менен укуктары бирдей эмес. Мындан улам алар жарандыгын өзгөртүүгө аргасыз болууда. Бул болсо чоң көйгөйдү жаратууда”, — деп жооп берген Исаев.

Исаев жарандыгын алмаштырган мекендештердин негизги көйгөйлөрү катары, алардын өлкөдөгү шайлоолорго катыша албашын жана Кыргызстандын саясий турмушуна эч кандай таасир тийгизе албашын мисал келтирген.

Эл өкүлү ошондой эле, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында аймактарда жана өлкөдө жасалып жаткан иштерди атап өткөн.

Мындан сырткары Канатбек Исаев ЕАЭБдин алкагында ишкерлерди колдоо, аларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү иштери толук кандуу жасалбай жатканын да жашырган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>