Исаев сотто: БШК партиянын талапкерлеринин гана эмес, 206 миңден ашык шайлоочунун укугун бузуп жатат

Исаев сотто: БШК партиянын талапкерлеринин гана эмес, 206 миңден ашык шайлоочунун укугун бузуп жатат

Бүгүн, 27-августта «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев сотто партияны 2020-жылдагы шайлоого кабыл алуу боюнча билдирүү жасады.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда, документтер кайтарылып бериле электе эле, мыйзамдуулук маселеси каралып жатканда, ал жакка ыйгарым укуктуу адамдын ишеним каты менен партиянын документтери тапшырылганы тастыкталды.

«Бул техникалык ката партияны жарыштан четтетүүгө себеп боло албайт. Пара берүү, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, каржылоо болсо, башкача айтканда, шайлоочулардын сөз эркиндигине байланышкан мыйзам бузуулар аныкталган процесстерди билебиз. А бирок бул катачылык шайлоочулардын чечимине эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул үчүн эскертүү жасоо жетиштүү болот. Ошентип, БШК партиянын талапкерлеринин гана эмес, 206 миңден ашуун шайлоочунун да укугун бузуп жатат. Мурунку шайлоолордо одоно мыйзам бузууларга жол берилген прецеденттер болгон, аларды жазаласа болот, бирок аларга кичинекей гана эскертүү берилген», — деди Исаев сотто.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>