Ишкерди 2 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ишкерди 2 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ишкерди 2 миллион сомго алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен ишкер кайрылып, 2019-жылдын март айында олуттуу материалдык чыгым келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Ал тыбытты өндүрүү шылтоосу менен ишкерден 2 миллион сом акча каражатын алган соң, өзүнүн милдеттерин аткарбай койгон.

Шектүү катары Нарын облусунун аймагынан 38 жаштагы Б.Н. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине өткөрүп беришкен.

Билдирүүгө таянсак, Б.Н. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары  ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда шектүүнүн кыймыл-аракетинде  макулдашуунун негизинде башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу жана аны өзүнүн пайдасына коротуу белгилери бар болгондуктан жогорудагы кылмыш иши 205-берененин 3-бөлүмүнө (Ыйгарылып берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) өзгөртүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>