Ишкерлер алты жыл мурдагы салыгын дагы төлөйбү? Салык кызматынын түшүндүрмөсү

27.12.2023 | 09:00

Базардагы айрым соодагерлер 2015-жылдагы жана 2017-жылдагы салыктарын төлөп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук-тартип боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер эски салыктарын төлөөдө жеңилдиктерди сурап жатышат.

“Алар 10 миллион төлөйлү десе болбой 60 миллион талап кылып жатыптыр”, – деди Шайлообек Атазов.

Мамлекеттик салык кызматынын  төрагасы Алтынбек Абдувапов  маселе “Мадина” базарынын соодагерлерине байланыштуу экенин айтты.

“Аталган базардын соодагерлерине кошумча төлөмдөр боюнча УКМКнын 2020-жылдагы токтому бар. Айрым ишкерлер чет өлкөдө болуп төлөбөй калышкан. Ошолор төлөп жатат. Алар көбүнчө кытайлык соодагерлер”, – деди Алтынбек Абдувапов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top