«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Элдик репортер: Бишкекте күзүндө оңдолгон жер астынан өтмөк бузулуп баштады
27.12.2023 | 09:30
Бишкектеги Манас жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жер астынан өтүүчү өтмөктөн суу агып, асфальт төшөлгөн жолу ажырап баштады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окурман кабарлады.
Шаар тургунун айтымында, өтмөктө таштанды дагы топтолуп турат.
“Күзүндө көпкө чейин жабык турду. Оңдолуп жаңы эле ачылган. Биринчи кар менен эле шыпынан суу агып баштады. Шаар бюджетинин акчасын ушуга коротуштубу?”, – дейт окурман.
[image_carousel source=”media: 203618,203619″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом