Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу «Павловск» музейинде, ал коруктун белгилүү сарай-сейил бак комплекстерин кыдыруу менен башталды, лидерлер «Царское Село» жана Петергофто болушту.

Тааныштыруучу экскурсияга Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Андан кийин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Константинов сарайына бет алышты.

Россиянын президенти Владимир Путин куттуктоо сөзүн айтып, мамлекет башчылары чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жыл алдындагы салттуу бейформал жолугушууга келишкени үчүн ыраазычылык билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>