«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат
Ислам тилектештиги оюндары: Исмаилов күмүш алды
13.08.2022 | 21:36
Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов (67 кг) күмүш байге алды.
Алтын үчүн беттеште ал азербайжандык балбанга 1:3 эсебинде утулуп калды.
Алдыда Мээрим Жуманазарова (68 кг), грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) алтын үчүн күч сынашат. Андан тышкары Атабек Азисбеков коло үчүн күрөшөт.
Учурда Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын капчыгында 4 алтын, 5 күмүш, 2 коло медаль бар.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт