Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Шаршенбеков Ислам тилектештиги оюндарында алтын алды
13.08.2022 | 21:01
Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын байге алды.
Финалдык беттеште ал азербайжандык балбан менен күрөштү. Кармаштын экинчи бөлүгүндө ал эсепти 10:2 кылып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Алдыда Мээрим Жуманазарова (68 кг), грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов (77 кг), Амантур Исмаилов (67 кг) алтын үчүн күч сынашат. Андан тышкары Атабек Азисбеков коло үчүн күрөшөт.
Учурда Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын капчыгында 4 алтын, 4 күмүш, 2 коло медаль бар.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт