Исламабадда Кыргызстан–Пакистан бизнес-форуму өттү

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон сапарынын алкагында, Кыргызстан–Пакистан бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Агенттик тарабынан өткөрүлгөн форум эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн жана мамлекеттик түзүмдөрүнүн алдыңкы өкүлдөрүн бириктирген. Форум банктык сектор, туризм, айыл чарба, билим берүү, энергетика, маалыматтык технологиялар, соода, текстиль өнөр жайы, медицина жана фармацевтика жана башка экономиканын негизги тармактарын камтыган.
Агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргызстандын инвестициялык потенциалын, экономикалык өсүшүн, инвестиция үчүн жакшыртылган шарттар жана мүмкүнчүлүктөрдү тааныштырган.
“Иш-чара эки өлкөнүн компаниялары жана уюмдары үчүн маанилүү макулдашууларды түзүүгө өбөлгө болгон инвестициялык жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталды. Бизнес-форум конструктивдүү диалог жүргүзүүгө, жаңы өнөктөштүктү орнотууга, тажрыйба алмашууга жана алгачкы кызматташуу меморандумдарына жол ачкан биргелешкен долбоорлорду талкуулоого мүмкүнчүлүктөрдү түздү”,- деп айтылат маалыматта.
Тараптар бизнести өнүктүрүүгө кызыкдар инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришкен.