Издөөдө жүргөн. Камчаткада кыргызстандык жаран өлтүрүлгөнү белгилүү болду
Камчаткада кыргызстандык жаран өлтүрүлгөн кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу РИА Новости Орусиянын Камчатка аймагы боюнча ИИМ башкармалыгына таянып билдирди. Басылманын маалыматында, кылмышка шектүү катары маркумдун иш берүүчүсү кармалган.

2025-жылдын июнь айында кыргызстандык жарандын таанышы анын дайынсыз жоголгондугу тууралуу полицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, жоголгон киши көп убакыттан бери Петропавловск-Камчатский шаарындагы дүкөндө жүк ташуучу болуп иштеп, жашап келген. Укук коргоо кызматкерлери ага федералдык издөө жарыялашкан.
Сентябрь айында шаар тургуну ит менен сейилдеп жүрүп, Чыгыш жолундагы токой четинде адам сөөгү салынган баштыкты таап алган. Экспертиза ал сөөк мурда дайынсыз жоголгон кыргызстандыкка таандык экенин аныктаган.
Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери тергөөчүлөр менен биргеликте жаран зомбулук аракеттеринин натыйжасында өлгөнүн такташкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун 74 жаштагы иш берүүчүсүнүн кылмышка тиешеси бар экени аныкталган.
Аталган иш берүүчү күнөөсүн мойнуна алып, Орусиянын ИИМдин убактылуу Елизов райондук бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.