Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Издөөдө жүргөн тажик жараны колго түштү
27.04.2022 | 14:28
Издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, Тажикстандын Согди облусунун Б. Гафуров районунун тургуну 40 жаштагы М.Дж. Кыргызстандын аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, Лейлек райондук милициясы тарабынан 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Жергиликтүү милицияга кызматкерлери тарабынан 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар