Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Мектептер менен балдар бакчасы 1-майдан 10-майга чейин эс алышат
27.04.2022 | 14:09
Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы орто билим берүү уюмдары (мектептер), мектепке чейинки билим берүү уюмдары (бала бакчалар) жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн 2022-жылдын 1-майынан 10-майына чейин дем алыш күндөрү деп жарыяланды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген билим берүү уюмдарында 4-майда өтүлүүчү сабактар 30-апрелде, ал эми 6-майдагы сабактар, 14-майда өтүлөт.
Ошондой эле 2, 3, 5 жана 9-майга туш келип, өтүлбөй калган сабактарды мектептердин администрациялары жакынкы күндөргө сабактардын кошумча жүгүртмөсүнө киргизүүгө тийиш.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар