ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Кайра шайлоо: БШК шайлоочулардын так тизмеси качан аныкталарын айтты
28.01.2022 | 15:12
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайталап шайлоого катышуучу шайлоочулардын акыркы тизмеси качан даяр болорун билдирди.
16-февралга чейин шайлоочулар тизмеге тактоолорду киргизе алаары көрсөтүлгөн. Акыркы тизме 20-февралдан кечиктирбестен чыгат. БШК эгер шайлоочу Ленин же Октябрь районунда жашап, бирок Свердлов же Биринчи Май районунда катталган болсо, анда ал добуш бере ала турганын эскертет.
Жалпысынан эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 212 миң 870 адамды түзөт.
7-февралга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди катташы керек. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда саат 8.00дө аяктайт. Кайра шайлоо 27-февралда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат