Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Кайра шайлоо: Чүчүкулак кармоо күнү белгилүү болду
07.02.2022 | 10:13
БШК бир мандаттуу – Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча кайталап шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бюллетендериндеги катар номерлерин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүү күнүн бекитти.
Ал 8-февралда болот. Ошол эле күнү бекер эфирдик убакыт бөлүштүрүлөт. Аны Бешинчи канал берет.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы 10-февралга чейин бекитилерин жана бул күндөн кийин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн кайтарып ала албай турганын эскертет.
БШК билдирүү берген 72 адамдын 53үн каттады.
Үгүт иштери бүгүн, 7-февралда башталды, 26-февралда саат 8.00дө аяктайт. Ал эми шайлоо 27-февралда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат