Дастан Бекешев мектептер, мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр үчүн эрежелерди өзгөртүүнү сунуштадыСадыр Жапаров Бишкектеги «ШКУ+» саммитинин жыйынтыгын чыгардыКыргызстан жана Түркия кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөшүүдө — лидерлердин жолугушуусуДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын командасынын негизги атаандаштары аталдыАт чабыштан айтышка чейин: Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын конокторун эмнелер күтөт, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары айтып бердиБишкекте 2-сентябрда жарык каяктарда өчүрүлөт — көчөлөрдүн тизмеси
Кайра шайлоо: Чүчүкулак кармоо күнү белгилүү болду
07.02.2022 | 10:13
БШК бир мандаттуу – Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча кайталап шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бюллетендериндеги катар номерлерин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүү күнүн бекитти.
Ал 8-февралда болот. Ошол эле күнү бекер эфирдик убакыт бөлүштүрүлөт. Аны Бешинчи канал берет.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы 10-февралга чейин бекитилерин жана бул күндөн кийин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн кайтарып ала албай турганын эскертет.
БШК билдирүү берген 72 адамдын 53үн каттады.
Үгүт иштери бүгүн, 7-февралда башталды, 26-февралда саат 8.00дө аяктайт. Ал эми шайлоо 27-февралда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат