Кайын инисинин көзүнө бычак сайган жаран колго түштү — сүрөт

Кайын инисинин көзүнө бычак сайган жаран колго түштү — сүрөт

Милициянын кайгуул кызматкерлери ээнбаштык кылган жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-декабрда  болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына  Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде бычактан жаракат алды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2001 жылы туулган К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү болжол менен саат 22:30 чамасында уруштан улам арыз ээсинин жездеси бычак менен аны  көзүнүн оң жагына шилтеп жиберген.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган И.Б. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Ээнбаштык» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>