Калк үчүн акысыз юридикалык жардам көрсөтүү мобилдүү болуп калды — сүрөттөр

Калк үчүн акысыз юридикалык жардам көрсөтүү мобилдүү болуп калды — сүрөттөр

Бүгүн, 12-июнда  Юстиция министрлигине ПРООНдун эки микроавтобустарынын ачкычтарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен жана юстиция министри Марат Жаманкулов катышты.

Юстиция министрлигинин ПРООН менен кызматташтыгынын алкагында 2016-жылдан тартып «Тилектештик автобусу» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты калктын аярлуу катмары үчүн Кыргызстандын калкына акысыз укуктук жардам көрсөтүүнүн жана юридикалык консультация берүүнүн туруктуу системасын түзүү болуп саналат.

Автобустар Ош жана Чүй облустарынын айылдарына жана алыскы калктуу конуштарына юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн жөнөтүлөт.

Жыл сайын адистердин жүрүүсүнө байланыштуу чыгымдарды ПРООН жана Финляндиянын ТИМи тарабынан каржыланат. Ушуга байланыштуу, чыгымдарды ылайыкташтыруу максатында тараптар микроавтобустарды сатып алуу жана аны Кыргызстандын Юстиция министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө келишишкен.

Иш-чаранын жүрүшүндө Марат Жаманкулов кызматташтыктын жогорку натыйжалуулугун жана ПРООН менен министрликтин эки тараптуу жемиштүү ишин баса белгиледи. 

Кызматташтык башталгандан бери, ПРООН тарабынан акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 27 борбордун ичинен 13нүн ачылышын колдоого алды.

Луиз Чемберлен аземдин катышуучуларына кайрылып жатып акысыз юридикалык жардам кѳрсѳтүүчү борборлор жана “Тилектештик автобусу” миңдеген аялдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк сыяктуу жарандык документтерин алууга жана жер укугу, үй-бүлөлүк укук, ажырашуу жана алимент, мурас, балдарга камкорчулук жана зомбулуктан эркиндиги сыяктуу тармактарда өз укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн түздү деп белгиледи.

“Биз алардын өкмөт менен элдин ортосундагы укуктук маалымат менен камсыз кылуу жана мамилелерди бекемдөө жаатында кызматы мындан ары да кеңейтилет жана уланат деген үмүттөбүз”, — деди ал.

[su_image_carousel source=»media: 31376,31377,31373,31374,31375,31378″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>