Калкка короосун ачкан Ак Үйдөн фоторепортаж

Калкка короосун ачкан Ак Үйдөн фоторепортаж

Бүгүн, 6-ноябрда Ак Үйдү курчаган тосмолор алынууда.  Коргонду “Тазалык” кызматынын кызматкерлери техникалары менен келип кыркып, жыйнашууда.

Бул чечим 5-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун мэрге жазган расмий катынан кийин аткарылган.

Тосмолорду жыйноону расмий баштоого Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жана борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев катышты.

Шаар башчысы тосмону алуу идеясы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго таандык экенин, эми имараттын тегерегин көрктөндүрүү боюнча иш башталарын билдирди. 

Түлөбаев ошондой эле Ак Үйдүн коргону алынган соң кайда колдонулат азырынча белгисиздигин да кошумчалады. 

[su_image_carousel source=»media: 47313,47314,47289,47316,47317,47318,47319,47320,47321,47322″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ак үй тосмо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>