Камакта жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов парламенттин жыйынына келди — видео

Камакта жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов парламенттин жыйынына келди — видео

Коррупцияга шектелип, эки айга камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов бүгүн, 11-марттагы парламенттин жыйынына келди.

Эл өкүлү Биринчи Май райондук соттун чечими менен үй камагына чыкканын журналисттерге билдирди.

«Тергөөнүн купуялыгын сактоо боюнча кол коюп бердим. Азырынча эч нерсе ачык айта албайм. Бирок мага коюлган айыптар жалган жалаа. Жакын арада  сот болот. Саясий куугунтук деп деле айтпайм. Жүрүп жаткан программага туш келип калдым окшойт», — деди Төрөкулов

Төрөкулов Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен шектелип, УКМКнын кызматкерлери тарабынан 15-январда Ош шаарынан колго түшүрүлгөн. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Төрөкулов УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камалган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>