Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдыктар кызуу жүрүүдө. Кайсы иштер жасалды?

06.08.2025 | 13:50

Бүгүнкү күндө Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулушуна даярдык иштери жигердүү уланып, айрым иштер бүткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жабдууларды жана материалдарды жеткирүү үчүн транспорттук тоннелдин курулушу толугу менен аяктады. Ал эми дамбага жана курулуш аянтчаларына жетүүчү жаңы автожолдордун курулушу 70%га бүткөрүлдү.

Учурда тоннелдин ичиндеги бетондоо, жарык берүү жана желдетүү системаларын орнотуу иштери жүрүүдө. ВЛ-110 кВ аба чубалгыларын тартуу жана ПС 110/6 кВ көмөк чордонун куруу иштери 60%га аткарылды.

Ошондой эле вахталык шаарчанын курулушу уланууда, жумушчулар үчүн жашоо жана иш шарттар түзүлүүдө. Мындан тышкары Нарын дарыясынын үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери башталган.

Энергетика министрлиги долбоор бардык коопсуздук жана сапат талаптарына ылайык, так мөөнөтү менен ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Scroll to Top