КРда 200 миң сомго чейин келишимсиз жана ЖИ аркылуу сатып алууга уруксат берилиши мүмкүнЛондондо Кыргызстан өзүнүн туристтик дараметин тааныштыруудаДары өсүмдүктөрүн Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү пландалууда«Супара-2деги» өрт: үч адам жабыркады — Саламаттык сактоо министрлиги5-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондоруна кар жаайтЭкономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алды
Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон Лев Толстой атындагы сыйлыкка көрсөтүлдү
06.08.2025 | 13:30

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Лев Толстой атындагы эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү.
Бул демилгени Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Леонид Слуцкий көтөргөн. Анын айтымында, аталган үч лидердин аракеттери менен Евразия мейкиндигинде коопсуздук камсыздалып келет.
Сыйлык үчүнчү дүйнөлүк согуштун коркунучуна каршы турууга багытталган ишмердүүлүк, регионалдык коопсуздукту камсыз кылууга кошкон салым, тынчтыкты сактоо жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы күрөш үчүн ыйгарылат.
Рубрики: Жаңылыктар