“Камбар-Ата-1”. Кошуналардын үлүшү 30%дан ашканына депутаттар нараазы

“Камбар-Ата-1”. Кошуналардын үлүшү 30%дан ашканына депутаттар нараазы

Жогорку Кеңештин депутаттары “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча Казакста жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу алар эл аралык  иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция комитетинин  жыйынында айтышты.

Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев ГЭСтин курулушу боюнча кошуна мамлекеттер менен акыркы келишим түзүлө электигин белгиледи. Ал өлкөлөр меморандумга гана кол коюлганын, ага ылайык  ГЭСте Казакстан менен Өзбекстандын үлүшү -33 пайыз, Кыргызстандыкы – 44 пайыз болот.

“Неге биз башка мамлекеттерге мынча көөлөмдөгү акцияны беришибиз керек.  Мына Тажикстандын карасак, алар эл аралык уюмдар менен бирге куруп, үлүштүн көп  бөлүгүн  өзүндө калтырып жатат. Мындай стратегиялык объектте мамлекеттик үлүшү 51 пайыздан кем болбошу абзел”, — деди депутат Чингиз Айдарбеков.

Нуржигит Кадырбеков дагы кесиптешин колдоп, Энергитика министрлигине  “Камбар-Ата -1” ГЭСи боюнча макулдашууларды карап чыгып, инвесторлордун үлүшүн азайтууну сунуштады.

Комитет  Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан  «Камбарата ГЭС-1” долбооруна  5 миллион доллар карыз алуу боюнча макулдашууну кароону кийинки жыйынга жылдырды.

5  миллион доллардын 2 миллиону грант, 3 миллиону 10 жылга насыя катары берилет.

“Камбар-Ата-1 ГЭС куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>