Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын кароо белгисиз мөөнөткө жылды

Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын кароо белгисиз мөөнөткө жылды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-ноябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын карамак.  Бирок белгисиз себептер менен отурумга Көлбаев алынып келинген жок жана анын баш коргоо чарасы белгисиз мөөнөткө жылдырылды. 

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен  22-октябрда Бишкекте кармалган.  Биринчи Май райондук соту тергөө бүткөнгө чейин аны УКМКнын тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарган. Бирок анын жактоочулар аталган чечимге макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>