УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы болгон куралдуу кагылыш, чек арадагы абал тууралуу маалымат берди.
Ташиев маалымат берип жатып куралдуу кагылыштан аскер кызматкерлери, жай тургундар арасында жоготуулар болгонун билдирди. Учурда алардын саны такталууда.
Аны менен бирге ал кайра куралдуу кагылыш башталса, чабуулдардын мизин кайтарууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз