Ош шаарында калкы тейлөө жана унааларды каттоо бөлүмдөрү бир имаратта ачылдыМинсктен Орусия менен сүйлөшүүлөргө чейин: АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси ким болушу мүмкүн?Кыргызстандын Жапониядагы туризм элчиси дайындалдыМотоцикл айдоо үчүн A жана A1 категорияларын кантип алууга болотКыргызстан 2028-жылы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүнү каалайтКыргызстандын аскерлери Орусиядагы ЖККУнун ири машыгууларына катышууда
Ташиев: Кыргызстан Тажикстандын чек арасына өткөн жок
17.09.2022 | 00:43
16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш маалында Кыргызстан Тажикстандын чек арасына өткөн жок. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы абал тууралуу маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, чабуулдар таңында башталган.
“Кыргызстан коңшу өлкөнүн чек арасына өткөн жок. Биздин чек арага (Тажикстан тарап – ред.) өтүп жатты. Ошол чабуулдардын мизин кайтаруу үчүн колубуздагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаландык. Анын негизинде бардык чабуулдардын мизин кайтардык”, – деди ал.
Камчыбек Ташиев чек арадагы абал боюнча маалымат берди – видео
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом