Камчыбек Ташиев Оштогу эски кинотеатрды бузууга уруксат берди

Камчыбек Ташиев Оштогу эски кинотеатрды бузууга уруксат берди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эски кинотеатрдын имаратын бузууга мүмкүн болбой жатканын айтып, тиешелүү органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына нааразы болду. Бул тууралуу ал Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, кинотеатр таштандыга толуп, жараксыз абалга келген. Бирок имарат мамлекеттик мүлк агенттигинин балансында тургандыктан, шаар бийлиги аны бузууга уруксат ала албай келген.

“Жанында кафе, ресторандар бар болчу, аларды алып, жолду кеңейттик. Бул болсо эски кинотеатр. Ичи таштанды. Бирок мамлекеттик мүлк агенттигинин балансында болгондуктан, бизге буздурбай жатышат”, — деди мэр Токторбаев.

Камчыбек Ташиев бул маселеге жооп кайтарып, имараттын азыркы учурда эч кандай кереги жок экенин айтып, анын ордуна парк курууну сунуштады. Ал мэрге кинотеатрды бузууга уруксат берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>