Ыр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташатЭки министрдин жолугушуусу: Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары эмнелерди талкуулашты?Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү«Дөөлөт курулуш» ишканасынын эки объектиси Курулуш министрлигине өттү
Канадада премьер-министрдин жубайы коронавирус жуктуруп алды
13.03.2020 | 14:23
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жубайы коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнө таяныа чет элдик басылмалар жазышууда.
Өкмөт башчынын жубайы Софи Грегуар-Трюдо дарыгерлердин сунушунан кийин , коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгында ал вирусту жуктуруп алгандыгы аныкталган.
Ал эми Трюдонун өзүнөн илдеттин белгилери табылган эмес. Ал 14 күндүк карантинге алынып, кызматтык милдетин үйдөн аткармай болгон.
Кытайдын Ухан шаарынан тараган коронавирус учурда Европа өлкөлөрүндө тездик менен жайылууда. Мындан улам Европанын айрым өлкөлөрүндө карантин жарыяланды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар