Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Кыргыз балы ЕАЭБ рыногуна чыгууда
09.02.2026 | 16:11
Кыргызстан бир жылдан ашык созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө бал сатууга уруксат алды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын 462 ишканасы ийгиликтүү иштеп жатат. Мындан тышкары, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча, анын ичинде Кытай Эл Республикасы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн жаңы келечекти ачат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом