Канат Хасановдун уулу адам өлтүрүп, 3,5 миллион сом тоноп кеткен деп айыпталууда

Канат Хасановдун уулу адам өлтүрүп, 3,5 миллион сом тоноп кеткен деп айыпталууда

Жактоочу Канат Хасановдун уулу адам өлтүрүп, 3,5 миллион сом тоноп кеткен деп айыпталууда. Бул тууралуу журналист Алтынай Арстанбекованын Фейсбук баракчасына чыккан түз эфиринде үйүнө кирген каракчылардын колунан каза тапкан ишкер Бейшен Дюшембиевдин аялы Фатима Лукожова билдирди.

Анын айтымында 11-июлга караган түнү алардын үйүнө бир нече белгисиз адамдар кирип, үй ээлерин таңып сабашып, 3,5 миллион сом алып кетишкен. Каракчылардын ур-токмогунан кийин ага чейин ооруп жүргөн Бейшен Дюшембиев ооруканага жетпей каза болуп калган.

Дюшембиевдин аялы каракчылардын бирин тааныганын айтат. Ал күйөөсүнүн досу Канат Хасановдун уулу экенин, ал ага чейин да келип жүргөнүн, окуядан бир нече күн мурун да медициналык аппарат алып келип кеткенин айтат.

https://www.facebook.com/altysha.lv/videos/3140368219374689/

Көп өтпөй Канат Хасанов да ачык билдирүүсү менен чыгып, ал уулуна жалаа жабылып жатканын айтты.

https://www.facebook.com/kanat.hasanov.7/videos/994055154378763/

‌Мындан сырткары жабырлануучулардын пикирин чагылдырып берген журналист Алтынай Арстанбекова менен Канат Хасановдун ортосунда интернет айдыңында кайым айтышуу орун алууда. Хасанов журналистти калп маалыматтарды таратып келгенсиң, дагы калп маалымат таратып жатасың деп айыптаса, журналист ага карата интернет аркылуу белгисиз адамдар коркутуп жаткандыгын билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>