Чүйдүн Кант шаарында эки классташтын мушташы биринин өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 25-январда аларга 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 22-январда №3 мектептин 10-классынын окуучусу (Р.А.) кайым айтыштан улам 2008-жылы туулган инисин (Ч.Д.) сабап, анын айынан ал ооруканага түшүп, 25-январда эсине келбей көз жумган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө аныктагандай, маркум бала (Ч.Д.) менен шектүүнүн (Р.А.) мамилеси начар болгон. 22-январда сабак учурунда алар кайым айтыша кетип, мектептен кийин сүйлөшө турган болгон. Болжол менен 12:30да сабак аяктагандан кийин мектептин аймагынан чыгышкан. Алар мушташа кеткен. Анын жыйынтыгында Ч.Д. ооруканага түшүп, ооруканада эсине келбей көз жумган.
Анын өлүмүнө шектүү катары классташы 2008-жылы туулган Р.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Бул окуяга байлыныштуу №3 мектептин директоруна сөгүш берилип, социалдык педагог кызматтан бошотулган.