Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Президент жарлыкка кол койду. Нурдан Орунтаев министр болду
14.02.2025 | 18:09
Нурдан Орунтаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, 11-февралда президент жарлыгы менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин министрлик кылып өзгөрткөн. Министрдин милдетин аткаруучу болуп Нурдан Орунтаев дайындалган. Буга чейин ал Курулуш агенттигин жетектеп келген.
13-февралда Жогорку Кенеш Орунтаевди министр кылып дайындоого макулдук берген.
Нурдан Орунтаев өлкөдөгү 17 министр болуп калат. Буга чейин Кыргызстанда 16 министрлик болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом