Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жазды
Каныңызды акысыз текшертиңиз! Акция эртең да уланат
14.11.2022 | 23:30
14-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк диабет күнү. Ушул күнгө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору 14-15-ноябрь күндөрү “Бишкек Парк” соода борборунда “Кандагы кантты бил!” акциясын өткөрүүдө.
Каалоочулар кандагы кантты, кан басымды бекер өлчөп, эндокринологдон кеңеш ала алышат.
Саат 10.00дон 13.00гө чейин кабыл алынат.
Эскертүү! Ач карын кабыл алынат.
- Маалымат үчүн: Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 74 810 адам расмий каттоодо турат. Жыл сайын оорулуулардын саны кеминде 5-7 миңге көбөйүүдө. Бирок көпчүлүк кыргызстандыктар кант диабети менен ооруганын билишпейт же оорусуна тийиштүү көңүл бурушпайт.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар