Бишкекте 30 жаштагы жаран капсула үй берүүнү убада кылып, жаранды чоң каражатка алдаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-март күнү милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, А.Д. аттуу жаран андан 40 миң долларлык Mercedes-Benz, 26 миң долларлык Porshe Panamera унааларын жана 1,3 млн сом акчасын алган. Анын ордуна 5 капсула үй бермек. Бир капсула үйдүн курулушуна 15 миң доллар кетип, сатыла турган баасы 22 миң доллар болмок. Бирок аталган жаран убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 30 жаштагы А.Д. Бишкектен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.