Кара-Балтада кошунасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кара-Балтада кошунасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кара-Балта шаарында кошунасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-июнь күнү саат 19:30дар чамасында Кара-Балта шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү болгон. Шектүү жаран мас абалында кошунасын атып өлтүргөн.

Шектүү И.М өзүнө тааныш эки аял менен спирт ичимдигин ичип отурган. Бул учурда алардын бири менен жашаган С.С атту киши келип, эки эркектин ортосунда чыр чыккан. Жаңжалдын натыйжасында И.М., ИЖ-17 жылмакай сайлуу мылтыгын алып, С.С.нын көкүрөгүнө атып, андан соң качып кеткен. С.С тез жардам келгенге чейин каза болгон.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, фактыны Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө каттап, Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү 1985-жылы туулган И.М. кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш куралы алынып, бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>